Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын берген маалыматына ылайык, өткөн аптанын аягында бруцеллёз оорусуна каршы малды эмдөө үчүн алынып келинген 2 миллион дозадагы вакцина учурда республиканын аймактарына жеткирилүүдө.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын директору Азизбек Шакировдун айтымында, бардык коюлган талаптарга ылайык, вакциналар атайын муздаткычтарга салынып жеткирилип жатат. Мындан тышкары жер-жерлерде ветеринарларга жекече коргонуу каражаттары тапшырылып, атайын режимди көзөмөлдөө максатында термочемодандар да берилүүдө.