Ош шаарынын жүздөгөн тургундары акысыз медициналык кароодон өтүштү. Бул иш-чара бүткүл Кыргызстан боюнча «Жүрөгүңдү сакта» акциясынын алкагында «Өнүгүү-Прогресс» партиясы жана Кыргызстандын Улуттук кардиология жана терапия борбору менен биргеликте ишке ашырылууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда партиянын басма сөз кызматы маалымдады.
Аталган партиянын Ош шаары боюнча координатору Камил Абдурашевдин айтымында, мындай акция аркылуу партия өкүлдөрү болгону өзүнүн жарандык милдетин аткарып жатышат.
«Биздин партиянын негизги максаты - буга чейин качып кеткен эки президентти да, бүгүнкү бийликти да сындап отурбастан, карапайым элдин өнүгүүсүнө өз салымын кошуу. Биз элдин ден соолугун бекемдөө үчүн дарылоо акцияларын, сергек жашоого үндөө үчүн ар кандай спорттук мелдештерди, билим деңгээлин жогорулатуу үчүн интеллектуалдык иш-чараларды, бекер окуу курстарын уюштуруп жатабыз. Ар бир жаран ушинтип элдин камын ойлогондо гана Кыргызстанда өнүгүү болот»,- деди Абдурашев.
Ош шаарынын 50 жаштагы тургуну Мухабат Хайруллаева жүрөк оорусу менен жабыркап келет. Анын оорусун так аныктоо үчүн жергиликтүү дарыгерлер Бишкекке барып, текшерүүдөн өтүүсү керектигин айтышкан. Бирок анын борбордон диагнозун аныктатуу үчүн мүмкүнчүлүгү жоктугунан ушул күнгө чейин бара албай жүргөн. Оорусу башталганына алты айдан ашкан. Ал ден соолугу күндөн-күнгө начарлай баштаганын айтат. Эми минтип анын кыялы орундалып, оорусун аныктоочу аппарат өзү жашаган жерге келгенине кубанычта.
«Мен жаш экениме карабай жашоодон үмүт үзө баштаган элем. Бишкекке барганга акча жок. Азыр бул жерге дарыгерлер аппараттары менен келип отурганына кубанып жатам»,- дейт Мухабат айым.
23-майдан 25-майга чейин Ош шаарынын Достук, Туран жана Амир-Темир аймактык кеңешинин жашоочуларын Бишкектен келген дарыгерлер заманбап текшерүүчү, диагноз коюучу жана кардиограмма аппараттары менен акысыз текшеришти.
Бекер текшерүүдөн өткөзүп жаткан Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборунун улуу илимий кызматкери Миталип Халматовдун айтымында, өлкөнүн бардык эле аймактарында жүрөк-кан тамырларды текшерүүчү заманбап технологиянын жоктугунан көпчүлүк жарандар өздөрүнүн оорулары бар экендигин биле беришпейт.
«Ош шаарынын тургундарын заманбап текшерүүчү жана диагноз коюучу аппараты, кардиограмма аппараттары менен текшерип жатабыз. Мындай акциянын өткөрүлүшү элдин ден соолугун бекемдөөгө, ар кандай оорулардын алдын алууга жакшы шарт түзөт»,- дейт ал.