Маалыматка ылайык, ички чарбалык каналдарды, арыктарды тазалоо планы 96 пайызга аткарылды. Жалал-Абад облустук бассейндик суу чарба башкармалыгынын карамагындагы 613,2 чакырым чарбалар аралык каналдардын ичинен 601,6 чакырым аралыгы сугат суу өткөрүүгө даярдалган же 98,1 пайызга аткарылган.
Облус боюнча сугат тармактарын жазгы сугат убагына даярдоого 52 даана атайын техника жана 485 жумушчу тартылган.