КРнын Куралдуу күчтөрүнүн 22 жылдыгына карата 29-май күнү Ош шаарынын борбордук аянтында аскер техникалары жана куралдарынын көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Аны Ош гарнизонунун аскер бөлүктөрү уюштурууда. Маалым болгондой, көргөзмөгө шаар тургундары, ЖОЖдун студенттери жана мектеп окуучулары келип, аскер техникалары менен тааныша алышат.
Иш-чаранын соңунда шаардыктар үчүн концерттик программа тартууланат.