1-Июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата 20-майдан 20-июнга чейин «Балдар - планетанын келечеги» аттуу бир айлыкты өткөрүү максатында атайын Баткен райондук администрациясынын акими Сейитмурат Калыковдун буйругу чыгарылды.
Анын негизинде 1-июнь күнү Баткен районунун бардык айыл өкмөттөрүндө тиешелүү жетекчилер катышкан балдарга арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт.
Бир айлыктын жүрүшүндө «Балдар үчүн» акциялары уюштурулуп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, тоголок жетим, майып балдарга жөлөк пул өз убагында төлөнүүсү камсыз кылынып, жардамга муктаж балдарга колдоо көрсөтүлүп, окуучулар арасында сүрөт сынактары жана спорттук мелдештер өткөрүлөт.