Базар ичинде дары-дармек саткандарды фискалдык органдар тарабынан текшерүү иштери пландаштырылууда

Жакынкы жылдар аралыгында фискалдык органдар тарабынан базарлардын ичиндеги ар кайсы жерде чачкын дары-дармек сатуучуларды текшерүү пландаштырылууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда басма сөз жыйында Дары-дармек жана медтехникалар менен камсыздоо департаментинин башкы директору Рустам Курманов билдирди.

Маалыматка ылайык, 2013-жылы "Ош базарынын" жанындагы Кулиев көчөсүндө жайгашкан дары-дармек сатуучулар текшерүүгө алынып, анда 500гө жакын жеке ишкер алектенип жаткандыгы аныкталган.

Аталган сатуучуларга дары-дармек сатууга тыюу салынганы менен, учурда базарлардын аймагында контейнерлерде дары-дармек сатуучулар өз ишин улантып келүүдө.

“Базарлар жеке менчик болгондуктан, ал аймакты текшерүүгө укугубуз жок. Ошондуктан учурда базардагы дары-дармек курамы жана сапаты боюнча ИИМдин, Финполиция жана башка органдар менен рейд өткөрүү иштерин пландаштыруудабыз”,- дейт Р.Курманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан