Ырчы Самара Каримова Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлгөн кароо-сынакта жеңүүчү деп табылды 

Ырчы Самара Каримова Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлгөн кароо-сынакта жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда ырчы SUPER.KG порталына кабарлады. 
Анын айтымында, 24-майда аталган кароо-сынактын гала-концерти болуп өткөн. Анда Жумамүдүн Шералиевдин кызы Нарынгүл Шералиева жеңүүчүлөргө диплом жана баалуу белектерди тапшырган.
"Бул сынакка жалпысынан 1600дөн ашык талант катышты. Кытайдан келген таланттардын да өнөрүнө күбө болдук. Кароо-сынак үч номинацияда: Жумамүдүн Шералиев агайдын чыгармаларын аспаптарда ойноо, жекече ырдоо жана жамааттык ырдоо боюнча өттү. Мен агайдын беш ырын попурри кылып ырдадым. Ошондой эле анын эч ким ырдап чыга элек "Эл законун сыйлайбыз", "Гүл сунган сулууга" чыгармаларын аткардым. Жыйынтыгында калыстар тобу жекече ырдоо номинациясы боюнча мени жеңүүчү деп табышты",- деп сүйүнүчтүү кабары менен тең бөлүштү.
Кошумчалай кетсек, Жумамүдүн Шералиевдин чыгармаларын аспаптарда ойноо номинациясы боюнча музыкант Жаныбек Ботобеков баштаган топ, ал эми жамааттык ырдоо боюнча Нарындан келген "Ак Мөөрдүн сиңдилери" тобу жеңишке жетишкен.
  
Самара Каримова республикалык кароо сынакта 1-орунга ээ болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Dadin
2014-05-27 12:37:38
Азамат! Куттуктайм!!
+1
aminuwka
2014-05-27 22:55:47
Азамат куттуктайм бар бол синдим. Чыныгы талант мына сага УН . Коро албагандар туз жалагыла . Дагы бийиктиктерге жетишине тилектешмин
0
asiana
2014-05-27 15:56:17
bayagy ele dram teartrdagy direktor bolup ishtegen joldoshunyn arkasynda jenuuchu boldu da...
0
Erhan
2014-05-27 17:25:59
Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал ырчыларыбыз да,Самарадай,Нуризадай комментарий топтой алышкан эмес.Чынында Самарада талант бар,а Нуриза актриса экенин жакында билдим.Байкуш кыздарыбыздын жеке жашоосу кобуроок талкууга алынды.Экоо тен сулуу,жапжаш кыздар экен,кантип чон кишилерге турмушка чыгышты,а эмне учун жонокой карапайым чалдарды эмес,бай кишилерди суйуп калышты?Койгулачы кыздар озунордун жаштыгынарды,сулуулугунарды байлыка алмаштырбай эле койсонор болмок.Всем просто вас очень жалко.
-1
aida2013
2014-05-28 00:52:14
Erhan,чамасы сен ХХХ окшойсун боор ооруганына Караганда аябай кызыксан оздору менен байланышып жооп ал да эми чалдарга тиеби жаштарга тиеби оздорунун иши мумкун акчаларына кызыкты мумкун башка себептери бар эмне болсо да бактылуу болушсун ...
-2
admin_portal
2014-05-28 10:52:36
aida2013 - 3 күнгө БАН!
Аймактык бөлүү жана бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
Erhan
2014-05-28 13:04:23
aida2013,Мен Самаранын жердеши эмесмин,кыздарга болгон коз карашымды жаздым. ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2014-05-28 13:45:30
Erhan - 2 күнгө БАН!
Кимдир-бирөөнү кемсинтип, мазактоого жол берилбейт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан