№4-төрөт үйүндө катталган ымыркайдын өлүмү боюнча атайын комиссия текшерүү иштерин жүргүзөт

Бишкекте кечээ, 25-майда №4-төрөт үйүндө ымыркайдын өлүмү катталды. Ымыркайдын энеси Нурзада Садырбаева баласынын өлүмү дарыгердин шалаакылыгынан улам экенин айтты.  

Ал эми аталган төрөт үйүнөн толук маалымат алганга мүмкүн болгон жок. Биз бул окуя туурасында сурап байланышканыбызда: “Ымыркайынан айрылган ата-эненин ордунда башкалар болсо деле нааразычылыгын билдирмек. Учурда бала эмне себептен чарчап калгандыгы тууралуу эч кандай маалымат бере албайбыз. Эртең бул окуяга байланыштуу атайын комиссия өз жыйынтыгын чыгармакчы. Ошондон кийин гана жооп бере алабыз”,- деп билдиришти аталган төрөт үйүнөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан