Саламаттыкты сактоо министри: "№4-төрөт үйүндө эмгектенген жамаат жөнөкөй эмес, кырдаал оор"

Бишкек шаарындагы №4-төрөт үйүндө акыркы жылдары чындыгында эле бир катар фактылар орун алды. Төрөт үйүндө эмгектенген жамаат жөнөкөй эмес, кырдаал оор. Мындай ойду бүгүн, 26-майда саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева маалымат жыйынында билдирди.

“Төрөт үйүндө эмгектенген жамаат жөнөкөй эмес, кырдаал оор. Бүгүнкү күндө аталган төрөт үйүнө тажрыйбалуу жаңы жетекчи дайындалган. Бир канча жылдан бери бул борборго бир нече жетекчи дайындалган. Бирок алар борборду иретке келтирүү боюнча иш-чараларды аткара алышкан жок. Эмне үчүн жетекчиликти алмаштыруу менен кырдаал жакшырбай келет, башка себептерди издөө керек”,- дейт Д.Сагынбаева.

Министрдин айтымына караганда, борбор калаадагы медициналык мекемелер менен төрөт үйлөрүнүн бардыгы мэриянын Саламаттыкты сактоо департаментине караштуу болгондуктан, министрлик тарабынан колдонулган чара ар дайым эле максатына жете бербейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан