КРнын Билим берүү жана илим министри Канат Садыков 25-май күнү Кочкор районунун Ак-Жар айылындагы 2007-жылы колдонууга берилген жана кыйраган абалдагы мектепке барды. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектептин курулушуна 48 миллион сом жумшалган. Бирок курулуш фирмасы ишти сапатсыз жүргүзгөн. Министр К.Садыков айылдын жашоочулары, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана аталган мектептин мугалимдери менен жолугушту. Үстүбүздөгү жылда баштала турган жаңы мектептин курулуш иштерине 10 миллион сом бөлүнөрүн маалымдады.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн соң сентябрдан тарта окуучулар окууларын улантышарын айтты. Ошондой эле К.Садыков 24-майда Ат-Башы районунун алыскы чек ара айылдарындагы мектептерге барып, мугалимдери менен жолугуп, мектеп бүтүрүүчүлөрүн куттуктады. Министр мектептерге компьютерлерди жана китептерди тапшырды.