Иранда эки жыл бою банктык алдамчылык иштерин жасаган миллиардер өлүм жазасына тартылды

Ирандын бийлиги көп миллиарддык банктык алдамчылык иштерин жасаган Махафарид Амир Хосравинини дарга асуу 24-май күнү Тегерандын Эвин түрмөсүндө өттү. Бул тууралуу бүгүн, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бул иш боюнча 39 адам сот жообуна тартылып, алардын үчөөсү өлүм жазасына тартылганы маалым. Андан сырткары аталган иш боюнча айыпталуучулардын көпчүлүгү Ирандын мурдагы президентинин өкмөтүнө тиешеси болгондуктан, ал да күбө катары суракка алынган.

Ири банктын алдамчылыгы тууралуу процесс мындан эки жыл мурун апрель айында башталган. Өлүм жазасына тартылган Хосрави ээлик кылган «Амир Мансур Ариа» компаниясы алдамчылык менен 2,6 миллиард доллар иштеп тапкан. 

Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган компания маанилүү мамлекеттик компаниялардын үлүштөрүнө документтерди жасоо жолу менен ээлик кылганы аныкталган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Topcubai
2014-05-26 18:03:26
биздин атка минерлерди да ушинтип жазаласа соонун болмок да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан