Ош шаарындагы «Келечек» балдардын чыгармачылык борборуна Ош шаардык мэриясынын резервдик фондунан 155 миң сом, ал эми "Боорукердик" жатак-үйүнө 15 миң сом, "Алтын-Уя", "Лотос" балдар үйлөрүнө 10 миң сомдон акчалай каражат бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле 1-июнь күнү калаа башчысы балдар үйлөрүнүн абалы менен жакындан таанышуу үчүн баруусу күтүлүүдө.