Саламаттыкты сактоо министрлиги журналисттердин коштоосунда Инфекциялык ооруканада рейд өткөрдү (фоторепортаж)

Бүгүн, 26-майда КРнын Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканада рейд жүргүздү. “Рейд алдын ала пландалган жана сүйлөшүлгөн” деген ойлор жаралбашы үчүн медициналык мекеме журналисттердин каалоосу менен тандалды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Инфекциялык оорукананын жетекчилиги үчүн рейд күтүүсүз болгону байкалды. Бирок буга карабастан, саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеванын жана журналисттердин тарабынан эч сын-пикир айтылган жок.

Оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев рейддин катышуучуларын тосуп, маек берип, журналисттердин бардык суроолоруна жооп берди. Андан соң оорукананын ар бир имаратына алып барып, ичтерин көрсөтүп, болгон жагдай боюнча айтты. 

“2 жыл мурун инфекциялык оорулар менен келгендер бир эле кабыл алуучу жайда катталчу. Албетте, ушунун себебинен узун кезек тизилип калчу. Ошондуктан кошумча кабыл алуучу жайларды ачтык, эми бейтаптар көп күтпөй эле жардам алышууда. Бүгүнкү күнү жалпысынан 5 кабыл алуучу жай бар. Ар биринен күнүнө 250гө чукул адам өтөт”,- деди дарыгер. 

Ошондой эле ал: “Учурда биз 190 койкага пландалган имаратка муктажбыз. Анткени айрым бейтаптарды коридорлордогу керебеттерге жаткырууга аргасыз болуп жатабыз”,- деди. 

Белгилей кетсек, Гүлжигит Аалиев 2012-жылы Республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери кызматына дайындалган. Министр айым Д.Сагынбаеванын айтымында, Аалиев мекемени жетектеп баштагандан бери нааразылык арыздар бир топ азыраак түшө баштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
prenses
2014-05-27 01:30:24
Aiiiy tim ele judomo go bolnisanin ichi.apparaturalar,stuldar polkalar rakovinalar kantet.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан