Эртең, 27-майда Бишкек шаары жана Чүй облусунун бир катар аймактарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Дэн Сяопин, Сельповская, Месарош, Жеңиш көчөлөрүндө, Тынчтык проспекти менен магистралдын кесилишинде жана Ак-Өргөө конушундагы Кырк-Чоро, Күн, Хан-Теңир, Жетиген, Алтын-Казык, Арабаев көчөлөрүндө, Арча-Бешик конушундагы Эркин-Тоо көчөсүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Аталган аймактарда "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу иштери жүргүзүлөт.
Ошондой эле саат 9:00дөн 15:00гө чейин Жамгырчинов, Патрис Лумумба, Дэн Сяопин, Садыгалиев көчөлөрүндө, Бакай-Ата конушунда жана 8-кичи райондогу №40, 42-үйлөрдө көмөк чордондор менен электр берүү чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлөт.
Аталган убакыт аралыгында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кашка-Суу, Воронцовка, Малиновка айылдарында, Жайыл районундагы Степное айылында, Кара-Балта шаарындагы Кара-Балта көчөсүндө жогорку чыңалуудагы "Кашка-Суу" көмөк чордонунан тараган 10 кВт аба электр берүү чубалгыларында, №275, 378, 719, 1231, 1246, 1620, 1638, 2276, 3188-трансформаторлорундагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлөт.