Бүгүн Нурак Абдырахмановдун шакирттери отчёттук концертин беришти (фоторепортаж)

Бүгүн, 26-майда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында комузчу, күүчү, ырчы жана аткаруучу Нурак Абдырахмановдун шакирттери отчёттук концертин беришти.  

Концертте Нурак Абдырахмановдун “эн белги” усулунда (ноталарды билбей туруп комузда ойноо инновациялык системи) 9 ай бою комузда үйрөнүшкөн жаш таланттар улуу инсандын күүлөрүн аткарышты. Алгач концерт төкмө акын Азамат Болгонбаевдин комузчуну жоктогон ыры менен ачылды. Муну менен катар өрнөктүү өмүрүн чыгармачылыкка арнап кеткен Нурак Абдырахманов тууралуу видеотасма көрсөтүлдү.

Андан соң сахнага өзүнүн көз жашын араң кармаган ырчы Юлия Руцкая чыгып: “Нурак ага бул концертти абдан күткөн болчу. Тилекке каршы, шум ажал бир күн калганда арабыздан алып кетти. Концертти өткөрбөй эле коёлу деп чечкенбиз, бирок бул балдар Нурак аганын акыркы шакирттери болгондуктан, анын үй-бүлөсү уруксат беришти”,- деди.

Концерттин форматы Нурак Абдырахмановдун дүйнө салгандыгына байланыштуу өзгөртүлүп, ал эскерүү кече катары өткөрүлдү.

Бул концертке Мирбек Атабеков да катышып, “эн белги” усулунда сабак алган таланттар менен өз репертуарындагы ырларды аткарды. Ошондой эле Бүбүсара Бейшеналиева атындагы окуу жайдын студенттери өнөрлөрүн тартуулашты.

Маалымат үчүн айта кетсек, “эн белги” системин өздөштүрүү белгилүү комузчу Нурак Абдырахмановдун жетекчилигинде өткөрүлгөн. Ага көз оорусунан жабыркаган балдардын мектеп-интернатынын окуучулары жана борбордогу жогорку окуу жайлардын студенттери катышып, комуз черткенди үйрөнүп чыгышкан.

Бул долбоорду “Сорос-Кыргызстан” фондунун көмөгү аркылуу “Айгине” маданий-изилдөө борбору ишке киргизген. 

Эскерте кетсек, кечээ, 25-майда Нурак Абдырахманов 67 жаш курагында дүйнө салды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Jamalym
2014-05-26 22:12:12
Журогум ооруп турат :( Жузунон нуру тогулгон элибиздин табылгыс инсаны болчу."Аппак суйуу" чыгармасы эле кандай мактоого татыырлык ыр!Агайыбыздын жаткан жери жайлуу болсун!
+5
nursyi
2014-05-26 23:08:13
. Бир кун калганда отуп кетип,ото кайгылуу иш болуптур. Таланттуу инсан эле, аркы дуйносун берсин!!!
+2
nurkasym-2014
2014-05-27 07:53:18
Нурак атадай инсандар элдин эсинде,чыгармалары элдин журогундо сакталып кала берет.Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун.Жараткан АЛЛА бейишти насип кылсын.
+2
Supataev.Salamat
2014-05-27 07:57:45
Окунучту.....
+1
Desmond
2014-05-27 08:42:33
Жаман болуптyр.
Жаткан жери жайлуy болсyн!
+1
admin_portal
2014-05-27 09:42:41
mir1980 - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
Suke93, Саламатсызбы!
Тилекке каршы, бере албайбыз.
0
juma82
2014-05-27 10:19:22
Нурак ата кыргыздын эн атактуу инсаны. Нурак ата журогубуздо туболук жашайт!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан