2013-жылы Бажы кызматына 196 жаңы кызматкер кабыл алынган. Бул тууралуу кечээ, 26-майда ЖКнын комитетинде Бажы кызматынын башчысы Адамкул Жунусов билдирди.
Маалыматка ылайык, 2013-жылы Бажы кызматына кызматка алуу боюнча жарыяланган сынактын негизинде миңдин тегерегинде киши катышып, алардын ичинен 196сы кызматка алынган.
Комитет жыйынында Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин мүчөсү Т.Балтабаевдин айтымында, Бажы кызматына кызматка алууда жана сынак учурунда коррупциялык фактылар орун алганы ачыкталган.
Ошондой эле коррупциялык көрүнүштөр жана фактылар башка күч органдарда жана кызматтарда да орун алып жатканы айтылды.