Ош шаардык мэриясы "Оштун картасы” аттуу журналды басууга даярдады. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда мэриянын коомчулук менен байланыш кызматынын башчысы Керимбек Калыкулов билдирди.
Анын айтымында, шаардын бүтүндөй майда объектилерине чейин камтылган журнал алгачкы басылышында миң нуска менен кыргыз, орус, англис тилдеринде чыгарылат. Ага жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом каражат бөлүнгөн. Ошондой эле бул журнал туризмди өнүктүрүүгө салым кошот.