Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы Кыргыз драма театрында 28-майда КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тазагүл Закированын 65 жылдыгына арналган поэзия кечеси өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Анда Тазагүл Закированын жаңы «Мекендин эшиги», «Касиеттүү Ата Журтум» аттуу жаңы китептеринин бет ачары болуусу каралган.
Тазагүл Закирова жаштарды тарбиялоодо чоң таасирге ээ болгон чыгармалардын автору. Обондуу ырлары эл арасында сыймыктануу менен аткарылып, ырдалып келет. Ошондой эле анын жазган чыгармалары орус жана англис тилдерине которулуп, алар даректүү фильмдерде колдонулуп келет.
Чет элдиктер кыргыз жеринин кооздугун, басып өткөн турмушун жана элинин, мамлекетинин бактылуу, келечектүү экендигинен кабар берген маалыматтарды Тазагүл Закированын чыгармаларынан окуп келишет.