Кыргызстанда бир топ медициналык кызматкерлердин жетишпегендиги байкалууда. Бул тууралуу кечээ, 26-майда рейддин жүрүшүндө КРнын Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаары боюнча реаниматолог, анестезиолог, неонатологдордун аздыгы байкалууда. “Бул кесиптер абдан оор жана көп эмгек талап кылуучу болуп эсептелинет. Ал эми республиканын аймактары боюнча бир топ адистерге муктаж. Булар акушер-гинеколог, терапевт, хирург, үй-бүлөлүк дарыгерлер”,- деди министр айым.