Бүгүн, 27-майда Бишкектеги КРнын Улуттук китепканасында “Аалы Токомбаевдин “Токтогул” романы – улуулардын мурасы” аттуу көргөзмө жана “Токтогул” китебинин бет ачар аземи өткөрүлөт.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, маданият кызматкерлери, акындар, жазуучулар, массалык маалымат каражаттары, жогорку окуу жайдын студенттери катышат.
Белгилей кетсек, Аалы Токомбаев Кемин районундагы Кайыңды айылында 1904-жылы туулган. 1922-жылы Ташкенттеги советтик партиялык мектепке кабыл алынат. 1923-1927-жылдары В.И.Ленин атындагы Орто Азия коммунисттик университетинде (САКУ) окуган.
Ал ишмердик жолунда «Кызыл Кыргызстан» гезитинин редактору, Москвадагы Борбордук басмада кыргыз секторунун редактору, "Кыргызмамбастын" башкы редактору, Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын төрагасы, «Советтик Кыргызстан» журналынын башкы редактору, СССР Илимдер академиясынын Кыргызстандагы филиалынын Тил, адабият жана тарых институтунун директору, «Чалкан» сатиралык журналынын башкы редактору болуп иштеген.