Баткендин чек ара аймактарында Эл аралык балдар күнү белгиленет

Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Ш.Ганы атындагы орто мектебинде 1-Июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда район администрациясынан Гүлчехра Тажибаева билдирди.

Ага КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков, Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын акими Сейитмурат Калыков, айыл округ башчысы, айылдык кеңештин депутаттары, мектеп жамааты жана айыл тургундарынын катышуусу күтүлүүдө.

Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, 1-4-класстын мектеп окуучулары үчүн спорттук иш-чаралар, 5-6-класстын окуучулары үчүн “Тынчтык, достук жана биримдик” темасындагы сүрөт сынактары уюштурулат.  Аларга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана демөөрчүлөр тарабынан даярдалган белектер берилет.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан