Бишкекте “Кыргызстан мырзасы-2014” сынагы өткөрүлөт

29-майда Бишкектеги Спорт Ордосунда мырзалар арасында “Кыргызстан мырзасы-2014” сынагы өткөрүлөт.

Сынакка 16 жаштан 26 жашка чейинки 32 мырза катышат. Алар Бишкек шаарынан жана Ош, Баткен облустарынан келишет.

Катышуучулар  “Мен Кыргызстандын патриотумун”, “Пляждагы вариант”, “Жылдыздарды тууроо же талантын көрсөтүү”, “Жалпы бий - флешмоб” тапшырмалары боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашат. 

“Бул сынактан жеңип чыккан мырза “Дүйнөнүн сулуу мырзасы” сынагына жолдомо алат. Ал эми кийинки орунду багынткандар кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышат”,- дейт сынактын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова.

Маалымат үчүн айта кетсек, Кыргызстанда бул сынак экинчи ирет уюштурулуп жатат. Былтыр бул сынакта 33 катышуучунун ичинен Нурбек Сопуев аттуу мырза жеңишке жетишкен. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Umka220190
2014-05-27 13:23:39
Кабардын башындагы сүрөттөгү бала красавчик экен! Ийгиликтүү өтүп, адилеттүү чечим болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан