Бүгүн, 27-майда Ош шаарындагы М.Горький атындагы №8-мектебинде Китепкана күнүнө карата «Мен дүйнөнү китеп менен тааныймын» аттуу иш-чара өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Аталган иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Ильчбек Эргешов, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов, шаардагы бардык мектептин китепканачылары катышууда.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө китеп менен китепканага байланыштуу көргөзмөлөр уюштурулуп, адабий-музыкалык композициялар тартууланды.
Андан сырткары китеп тууралуу ой толгоолор ортого салынып, окуучулар тарабынан даярдалган Алыкул Осмоновдун чыгармаларынан үзүндүлөр, жаш калемгерлердин ыр саптары окулуп, соңунда Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата иш-чаралар тууралуу маалыматтар берилип, китепканачыларды сыйлоо аземи менен жыйынтыкталат.
Эскерте кетсек, 1902-жылдын 27-майында Кыргызстанда биринчи жолу жалпы жеткиликтүү китепкана ачылган. Ал эми бүгүнкү күнү Кыргызстанда 1041 китепкана иштеп, китепкананын кызматынан бир жылда 1 миллиондон ашык кардар пайдаланат.