Бишкектеги Улуттук филармонияда бүгүн, 27-майда залкар комузчу
Нурак Абдырахмановду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө. Ага комузчунун жакындары, шакирттери, акындар, маданият ишмерлери Саламат Садыкова, Кутман Жолдошев, Азамат Болгонбаев, Садык Шер-Нияз, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева катышууда. Филармониядан кийин зыйнат Байтик айылында уланары белгилүү болду.