Казакстандагы кыргыз диаспораларынын министр Камила Талиевага бойкот жарыялашкандыгы айтылууда

Кечээ, 26-майда Казакстандагы кыргыз диаспоралары жана алардын Орусиядагы, Түркиядагы кесиптештери КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиевага бойкот жарыялашканын билдирип, вице-премьер-министр Эльвира Сариевага ачык кат жөнөтүштү. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, алар өз катында мындан ары министр Камила Талиева Абдыразаковна катышкан иш-чараларга бойкот жарыялай тургандыктарын жана анын чакырууларынан баш тарта тургандыктарын билдиришкен. "2014-жылдын 3-майында "Кыргызстан-Астана" этномаданият коому Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата "Ала-Тоо булбулу Токтогул" аталышында салтанаттуу иш-чара өткөрдү. Ага Кыргызстандын жана Казакстандын белгилүү маданият ишмерлери катышкан. Бул иш-чара тууралуу маалымат каражаттарына маек бергенде министр Камила Талиева уюштуруучулар жөнүндө бир ооз сөз кылбай, "биз барып келдик, өткөрүп келдик" дейт экен",- деп нааразычылыктарын билдиришкен. 

Бул ачык кат тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сариевага чалганыбызда, анын жардамчысы "Азырынча бизге расмий түрдө бул ачык кат түшө элек. Биз бул тууралуу маалымат каражаттарынан окудук. Учурда тактоо иштерин жүргүзүүдөбүз" деген жооп узатты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zman53
2014-05-27 11:34:49
Бул министр-айым ызы-чуунун устундо эле журот окшойт.Чет жакта жургон Кыргызстандык жарандарды колдоо,баарыбыздын милдетибиз.
+1
Aitunuk
2014-05-27 17:26:01
Таң калам, өзүн маданият чөйрөсү кабыл албай, бүтүндөй коомчулук каршы болуп жатса, Камила айымга бул орундун канчалык зарылчылыгы бар дейм да. "Өзүн сылаган өзгөнү сыйлайт" дейт элде. Өзүн сыйлоо деңгээлине жетүү канчалык татаал экенине ачык мисал болуп жатат.
+2
Majit1975
2014-05-28 23:26:37
Бойкот кыргызча которулбайбы?
0
admin_portal
2014-05-30 09:56:33
zeirax19 - 5 күнгө БАН!
Аймактык бөлүү жана бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан