“Бир гана Кыргызстанда эмес, бай өлкөлөрдө да илимге акча каражат бөлүүдө көйгөйлөр жаралат” дейт Валерий Диль

“Бир гана Кыргызстанда эмес, бай өлкөлөрдө да илимге акча каражат бөлүүдө көйгөйлөр жаралат” деп айтты бүгүн, 27-майда Нанотехнологияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин отурумунда КРнын Вице-премьер-министри Валерий Диль.

Анын айтымында, Орусиянын аймагында нанотехнологияларды өнүктүрүүдө Татарстан эң мыкты. “Биздин окумуштуулар ушул республикага барып, технопарктарды кандай куруу керек экенин билип келишсе жакшы болмок. Орусияда жалпысынан 850 технопарк, Казакстанда 19 нанотехнологиялык борбор болсо, бизде болгону бирөө бар”,- деди вице-премьер-министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан