Жалал-Абаддын Спутник аймактык башкармалыгында 28 миңден ашуун жаран жашайт

Бүгүн, 27-майда Жалал-Абад шаарындагы Спутник аймактык башкармалыгынын аппараттык жыйынында №51-кондоминиумдун төрагасы Конокбай Курманбеков, шаардагы тиешелүү кызмат көрсөтүүчү ишканалар абоненттер менен келишим өздөрүнүн кызматкерлери тарабынан түзүлүшү керектигин белгиледи. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, Спутник аймактык башкармалыгында 28 545 жашоочусу болсо, алар менен 39 кондоминиум жана 8 кварталдык комитет иш алып барышат.

«Абоненттерден түшкөн суроо-талаптарга биз тиешелүү деңгээлде адис катары жооп бере албайбыз. Бирок дайыма төлөбөй келген тургундар менен иш алып барууда жардам көрсөтөбүз»,- дейт Конокбай Курманбеков. 

Комитетте бул аймактык башкармалыктагы турмуш-тиричилик калдыктарын алуу иштери канааттандырарлык деңгээлде жүрүп жатканын айтып өтүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан