Жалал-Абад шаарындагы Абдрахманов көчөсүндөгү төрт жерде түнкү жарык болбой жатканын №162-кондоминиумдун төрайымы Санта Кадырова бүгүн, 27-майда Спутник аймактык башкармалыгында өткөн аппараттык жыйында билдирди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле 17-кварталдык комитеттин төрагасы Аваз Арзыкуловдун айтымында, Сузак көчөсүнүн жолдорунда жүрүүгө мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгын, анын себеби катары чоң жүк ташуучу автоунаалар тынымсыз өтүп, жолду жараксыз абалга келтирип коюшкандыгын айтты.
«Канча жолу айтып арыздансак да, бул маселеге көңүл бөлгөн эч ким жок»,- деп билдирди Арзыкулов.