Бишкекте кымыз майрамы өтөт

Бишкекте 30-май күнү эмен багында жана Курманжан датканын эстелигинин жанында кымыз майрамы уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара улуттук суусундукту калк арасында жайылтуу максатында уюштурулууда.  Кымыз майрамынын жүрүшүндө иш-чарага келгендерге кымыз берилип, анын курамы жана ден соолукка болгон пайдасы тууралуу айтылып берилмекчи.

Ошондой эле иш-чарага келген конокторго “Кара жорго” бийи жана улуттук оюндар тартууланат.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
myrza-kg
2014-05-27 11:59:08
супер идея болуптур. азаматтар! Бирок, калк арасында жайылтуу эмес, жон гана улуттук суусундукту даназалоо максатында откоруп атабыз деп коюшса болмок.
+1
Aipri
2014-05-27 17:42:20
Соонун майрам экен. Мага жакты жана 100%га колдойм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан