Бишкекте бүгүн, 27-майда “Ала-Тоо” аянтында КРнын Коргоо министрлиги тарабынан аскердик техникалардын көргөзмөсүн өткөрүүгө даярдыктар жүрүүдө. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардын тургундары жана коноктору бронетанкалык техникалар - БМП-2, БТР-70Д, БРДМ-2, МТ-ЛБ (С-10) жана ЗИЛ-131 С-125, Интернационал-7000, Форд-Рейнжер автоунаалары, жер үстүндөгү артиллерия жана миномёттор – гаубица Д-30, ПМ-38 (ПМ-120), 2Б-9 сыяктуу аскердик техникаларды көрө алышат.