Бүгүн, 27-майда Ош облусунун өкүлчүлүгүнүн имаратында КРнын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан райондук администрацияларда жана шаарлардын мэрияларында Коомдук кабылдамалардын жана Коомдук-консультативдик кеңештин мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнүн мамилелери боюнча кеңешме башталды.
Анда этностор аралык кагылышуулардын алдын алуу боюнча Коомдук кабылдамалардын жана Коомдук-консультативдик кеңештин мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн жакшыртуу, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын Коомдук кабылдамаларынын жооптуу катчыларынын иштөө шарттары тууралуу маселелерди талкуулоо жүрүп жатат. Ага аталган агенттиктин жетекчиси Накен Касиев, Ош обладминистрация башчысынын орун басары Байыш Юсупов жана шаардык мэриядан өкүлдөр катышууда.