Белгилүү болгондой, кинотеатрларда балдар майрамдары каралган, ага катышуу акысыз. "Ала-Тоо" кинотеатры саат 12:00дөн 12:40ка чейин кызыктуу шоу-сынак тартуулайт, кичинекей жеңүүчүлөргө сыйлыктар каралган.
Ошондой эле "Космопарк" борбору "ABC" балдар соода дүкөнү менен биргеликте саат 12:00дөн 17:00гө дейре белгилүү мультфильмдик каармандар менен чогуу сынактарды, ыр-бий уюштурат.
Мындан тышкары ошол эле күнү Түштүк дарбаза аймагында "ARDOR" оттор театры фейерверктердин 1 сааттык майрамын тартуулайт. Андан соң асманга кытай фонарлары учурулат.