Жалал-Абад шаарында Курманбек аймактык башкаруусунда көп кабаттуу үйлөрдүн чатырын алмаштыруу боюнча маселе каралды. Бул тууралуу 27-майда Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Аталган аймактык башкармалыктын жетекчиси Шухрат Бурханов: “Курманбек аймактык башкаруусунда жалпысынан 30 көп кабаттуу үй болсо, анын ичинен экөөнүн гана чатыры жаңыдан жабылган. Эми калган 28 көп кабаттуу үйдүн чатырын алмаштырууну пландап жатабыз. Андан сырткары инвесторлордун жардамы менен курулуп жаткан оорукананын курулуш иштери аяктап калды. Кудай буюрса, август айында иштөөгө тапшырабыз”,- дейт.
“Ошондой эле аймактык башкаруудагы аялдамаларды жеке ишкерлер келишимдин негизинде оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, өздөрүнүн чоң көлөмдөгү жарнактарын илишүүдө. Келишим 10 жылга созулуп, 10 жылдан кийин гана аялдамалар муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилет”,- деди Бурханов.