Бишкекте туруктуу жашоочу турак жайлары жок адамдарга социалдык колдоо көрсөтүү иш-чаралары өтөт

Бишкекте эртең, 28-майда шаардык мэрия коомдук уюмдар менен биргеликте туруктуу жашоочу турак жайлары жок адамдарга социалдык колдоо көрсөтүү иш-чарасын өткөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.  

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында турмуштук оор кырдаалга дуушар болгон адамдарга медициналык кароолор, мончо, чачтарач кызматтарынын тейлөөсү уюштурулуп, кийим-кечек, юридикалык кеңештер, ысык тамак берилмекчи. Иш-чарага Кыргызстан жана Бишкектеги орус чиркөөсүнүн епархиясы, “Жашоо фонтаны” коомдук кайрымдуулук фонду, “Кыргызстандын жаш юристтери”, “Эл агартуу”, “Ыйык рух”, “Укуктук жардам”  коомдук уюмдары да катышмакчы. Иш-чара “Коломто” муниципалдык мекемесинде өтөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан