"Ош периси-2014" сынагынын жеңүүчүсү "Азия сулуусу-2014" сынагына жолдомо алды

Кечээ, 26-майда Ош улуттук драма театрында “Ош периси -2014” сынагы болуп өттү. Жылдагыдан өзгөчөлөнүп быйыл ага ЖОЖдордун студенттери менен катар Ош шаарындагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери да катышышты. Сынакта 11 сулуу "Ош периси-2014" наамына ат салышып, Кыргызстандын желегине окшош кийим кийим менен чыгып, кыргыз, орус, англис тилдеринде келген коноктор менен саламдашышты. Андан соң өз сулуулуктары, акыл көрөңгөсү, жарашык маданияты жана энени даңазалаган сахналык көрүнүштөр боюнча өнөрлөрүн тартуулашты.

Сулуулардын талантын ырчы Кенже Дүйшеева, клипмейкер Эрнист Сыдыков, ырчы-куудул Жеңиш Айтиев сыяктуу таанымал инсандардан түзүлгөн калыстар тобу баалады. Сынакка конок катары чакырылган “Жебе” тобунун жигиттери ыр белек сунушту.

Сынак үч сааттан ашык убакытка созулуп, жыйынтыгында баш байгени - "ОшМУ периси - 2014" наамын Бекова Аида, “1-Вице-перини” Токтомаметова Айжамал илип кетти. “2-Вице-перини” Кубаныч кызы Саламат, “3-Вице-перини” Өмүрбаева Гүлмира багынтты. Сынактын жеңүүчүсү Бекова Аида "Азия сулуусу" жана "Кыргызстан периси" сынактарына жолдомо алды. Ошондой эле “1-Вице-пери” Токтомаметова Айжамалга да "Кыргызстан перисине" катышууга жолдомо тапшырылды.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tolkunbek93
2014-05-27 13:57:09
Медфак биринчи,ураа!!!
0
brend007
2014-05-27 18:03:44
Азаматсын. Студенттик лоорумду эстеп кеттим. ОшМУ алга
+1
aida2013
2014-05-28 00:55:45
жакшы куттуктайбыз баардык кыздарды бар болгула бактылуу болгула бай болгула !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан