Бүгүн, 27-майда Бишкекте залкар комузчу Нурак Абдырахмановду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү. Ага комузчунун жакындары, шакирттери, анын талантын сыйлаган жарандар, акындар, маданият ишмерлеринен Сардарбек Жумалиев, Саламат Садыкова, Курмангазы Азыкбаев, Кутман Жолдошев, Азамат Болгонбаев, Садык Шер-Нияз, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева катышты. Зыйнат алгач Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 1 сааттан ашык убакыт болуп, андан соң комузчунун сөөгү Байтик айылында жерге берилди.
Кошумчалай кетсек, 25-майда 67 жаш курагында узакка созулган оорудан улам дүйнө салган комузчу 8 уул, 6 кыздуу болгон. Уулдарынын бири Мундуз Нурак уулу атасы акыркы күнгө чейин комузду колунан түшүрбөгөнүн айтты. “Атама өткөн жылы операция жасалган. Дарыгерлер атамдын ооруп жатканын, бирок бул жылы операция жасоо ага оор болуп каларын айтышкан. Ооруканадан үйгө чыгарып келгенде балдар-кыздары тегеректеп отурдук. Уулдарын адилеттүү болууга, чын сүйлөөгө, Кудайды эстеп жашоого тарбиялаган атабыз акыркы күнүнө чейин комузун колунан түшүргөн жок. Ошол комуздун үнү менен бир нерселерди издеп жаткандай болду”,- деди ал.
Эске салсак, комузчу, күүчү, ырчы жана аткаруучу Нурак Абдырахманов узакка созулган оорудан улам 25-майда 67 жаш курагында көз жумду.