Бүгүн, 27-майда этнорок жанрында ырдаган ырчы Гүлзада Рыскулова атайын пресс-шоу уюштуруп, акыркы жаңылыктары менен бөлүштү. Иш-чаранын башталышында ырчы айым өнөрүн тартуулап, коңур үнү менен репертуарындагы ырларынан аткарып берди. Аны гитарист Денис Колючийдин рок тобу, “Ордо-сахна” фольклордук-этникалык театры жана “Аура” жаз тобу коштоду. Чакан концерттик программадан соң 13-июнда Бишкектеги "Ала-Тоо" амфитеатрында, ал эми 13-18-июнда Ош шаарынын драма театрында “Толгонуу” аттуу арт-шоу тартуулаарын белгиледи.
"Бул арт-шоунун үстүндө бир топ убакыттан бери иштеп келе жатабыз. Концерттин өзгөчөлүгү: анда лазердик жана театрлаштырылган шоунун коштоосунда бир нече музыкалык жанрлардын ыргактары жаңырат”,- дейт ырчы.
Бул концерттин уюштуруучусу Сумсарбек Мамыралиев: “Арт-шоудогу ар бир нота, ар бир үн жандуу аткарылып, чыныгы гонг, этникалык жана заманбап музыкалык инструменттер менен коштолот”,- деп баса белгиледи.