Биз социалдык тармакта

Бишкек хореографиялык училищесинин директору өз эрки менен жумуштан кетүү боюнча арыз жазды

"Бишкек хореографиялык училищесинин директору Саида Кудайбердиева өз эрки менен жумуштан кетүү боюнча арызын жазды. Учурда арыз министрликте каралууда",- деп билдирди бүгүн, 27-майда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы.
Белгилей кетсек, аталган окуу жайдын окутуучусу, КРнын Эмгек сиңирген артисти Аида Ахмадалиева директордун жүргүзүп жаткан ишине нааразы экендигин айтып, 23-майдан бери ачкачылык жарыялаган эле. 
Бүгүн, 27-майда окутуучу ачкачылыгын токтотконун кабарлады. "Мага бүгүн ЖКнын вице-спикери Асия Сасыкбаева келип жолугуп кетти. Окуу жайдын абалы менен да таанышты. Ал өз сөзүндө бул маселелер чечилерине сөз берди. Ушундан кийин мен ачкачылыгымды токтотуу чечимине келдим",- дейт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан