Ырчы
Гүлзада Рыскулова Казакстандын Алматы шаарында өтүүчү "The Spirit of Tengri" заманбап этникалык музыкалык фестивалына катышат. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда ырчы кабарлады.
Ырчынын айтымында, аталган фестиваль 7-июнда өтөт. "Мен бул фестивалга экинчи жолу катышып жатам. Былтыр да өз өнөрүмдү тартуулагам. Фестивалда Казакстан, Кыргызстан, Австрия, Алтай, Тува, Башкортостан, Бурятия, Тоолуу Гория, Эквадор, Грузия жана Түркиядан келген таланттар өз өнөрлөрүн тартуулашат",- дейт ырчы.