Ошто бүгүн, 27-майда КРнын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча
башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан
райондук мамлекеттик администрацияларда жана шаарлардын мэрияларында түзүлгөн
Коомдук кабылдамалардын жана Коомдук-консультативдик кеңештин мүчөлөрүнүн
ишмердүүлүгүнүн маселелери боюнча кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу облустук
өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда республика калкынын 27,8 пайыз түзгөн 80ден
ашуун этностордун өкүлдөрү жашайт.
Кеңешменин ишине агенттиктин директору Накен Касиев, Ош
облустук өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, ПРООНдун, Ош шаарынын мэриясынын, райондук
мамлекеттик администрациялардын башчыларынын орун басарлары катышты.