Маалыматка ылайык, Ош шаары КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору макамына ээ болгондугуна байланыштуу Ош шаарында республикалык деңгээлде иш-чараларды жыл бою өткөрүү каралган. Атайын чыгармачыл топ келип, Ош калаасы тууралуу даректүү тасманы тартуу иштеринин үстүнөн иштешти. 20-майда Москвадан келген коноктор тасмада тарыхый-архитектуралык жайларды, кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, салт-санааларын, маданий өзгөчөлүктөрдү чагылдырууну пландашкан. Тасманын июнь, июль айларына даяр болорун телеканалдан келген өкүлдөр билдиришти.