Кыргызстанда энелердин өлүмү 22 пайызга азайды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда КРнын Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева өкмөттүк жыйында билдирди.
Маалыматка ылайык, министр бул көрсөткүчтү мындан ары дагы азайтуунун үстүндө иштөө зарылчылыгын белгилеп, ал үчүн экономикалык жана социалдык маселелерди да чечүү керектигин айтты.