Учурда Ахматбек Келдибековдун 150-200гө чукул тарапташы Ош - Эркеч-Там унаа жолун бууп турат. Эл чогулган жерге боз үй тигилүүдө. Алар Ахматбек Келдибековду бошотууну талап кылып жатышат. Айтымдарында, бийлик өкүлдөрүнөн бир дагы өкүл келе элек. Учурда жамгыр жаап жатканына карабай чогулган эл тарай элек.