Алайдагы митинг: SUPER.KG порталынын аймактык кабарчысы кызуу кандуу митингчилердин таш бараңында кала жаздады  

Ошто бүгүн, 27-майда Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митингге чыгышып, Ош - Эркеч-Там унаа жолун бууп турушат. Анда окуяны чагылдырууга барган SUPER.KG порталынын аймактык кабарчысы Айсана Паизова кызуу кандуу митингчилер тарабынан таш бараңда кала жаздады.Муну кабарчыбыз өзү билдирди. 
"Митингге чыккан элдин көйгөйүн угуп, аны коомчулукка жеткирүү максаты менен Алайга келгенбиз. Келгенден кийин журналисттер ар тарапка кетип, бири-бирибизди таппай калдык. Анан боз үйдөгүлөр "журналисттер бул жакта" дешкенинен бардым. Барсам алар "Сен Текебаевдин сайтынансың, силер качан эле Келдибековду мактап жазчу элеңер? Кыжырыбызды кайнатпай кетип кал" дешти. Чыгып бара жатсам бир киши таягын көтөрүп мага жулкунду эле, башкалар мени топтолгондордун арасынан тартып чыгышты",- деди аймактык кабарчыбыз.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
peri...97
2014-05-27 21:39:39
Кудай озу сактаптыр........жакшы мушташып кетпептир
+1
Afrodita-12
2014-05-28 11:54:28
Митингчилердин мындай жоруктарына чыдаганга болбойт. буларды токтоосуз камаш керек.
+1
Misterjon
2014-05-28 13:25:43
Кылмышкерлер колу менен жасаган ишин мойну менен тартышы керек, баары закон ченемдуу болушу керек
+1
Salimboy
2014-05-28 22:57:27
Ошон учун газет алар туура жазгыла мындай акыбалга Ар бирин калышын мумкун!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан