“Тез жардам” унаасы менен келген оорулуу жаранды Ош - Эркеч-Там унаа жолун бууп алышкан Ахматбек Келдибековдун тарапташтары өткөрбөй жатышат. Жолдон өтө албай турушкан айдоочулар “эгер "Тез жардам" унаасы өтсө, биз да өтөбүз” деген пикирлерин айтышууда. Учурда 150гө жакын унаа жолдон өтө албай токтоп турат. Ал эми жүргүнчүлөр жөө өтүшүүдө. Алардын арасында жаш балдар да бар.
Айта кетсек, бүгүн, 27-майда Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митингге чыгышкан. Алар абакта отурган депутат Келдибековду бошотууну талап кылышууда.