Алайда абал курч бойдон калууда. Чогулган элдин көпчүлүгү агрессивдүү. Учурда жол тосулган жерде 5 боз үй тигилди. Жамгырдан кийин митингчилердин саны арбыганы байкалды. Алар "Ахматбек Келдибеков абактан чыкмайынча буулган жолду ачпайбыз" дешүүдө.
Айта кетсек, бүгүн, 27-майда Алайда Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митингге чыгышкан. Алар Ахматбек Келдибековду абактан чыгаруу талабын коюшуп, кийин Ош - Эркеч-Там унаа жолун тосуп алышкан.