Алайда буулган жол ачыла элек. Абал туруктуу. Бул тууралуу ИИМдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 28-майда билдирди.
Маалыматка караганда, учурда Ахматбек Келдибековдун 60ка жакын тарапташы Ош - Эркеч-Там унаа жолун тосуп турат. Жолдун эки жагында 100гө жакын унаа бар. Коомдук тартипти 50гө жакын милиция кызматкери көзөмөлгө алууда.
Айта кетсек, кечээ, 27-майда Алайда Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митингге чыгышкан. Алар Ахматбек Келдибековду абактан чыгаруу талабын коюшуп, кийин Ош - Эркеч-Там унаа жолун тосуп алышкан эле.