Бишкекте кечээ, 27-майда Юстиция министрлигинде КРдагы Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылын өткөрүү боюнча иш-чаралар планын аткаруу маселелер боюнча министрликтердин жана мекемелердин юридикалык кызматтарынын жетекчилеринин жана өкмөттүн аппаратынын укуктук камсыздөө бөлүмүнүн кызматкерлери менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган жолугушууда мыйзам актыларынан аткаруучу бийлик тутумунда иштеген мамлекеттик органдардын укуктук статусун, функциясын жана ыйгарым укуктарын аныктоочу жоболорун алып салуу маселелери талкууланды.