Бүгүн, 28-майда Бишкектин Жал кичи районунда жаңы курулган турак үйдөн аскер кызматкерлерине батирлер берилет.
КРнын Президентинин аппаратынын маалыматына ылайык, курулуш 2014-жылдын март айында аяктаган. Ага жалпысынан 102 миллион 852 миң сом каражат бөлүнгөн. Турак үйдүн жалпы аянты 3267 чарчы метрге барабар. Ал 72 батирден турат: 3 бөлмөлүү батирлер – 9, 2 бөлмөлүү – 18, 1 бөлмөлүү батирлер – 45.