Шералиев Кемиль, полковник: "Мурун туугандарыбыздыкында жашап келгенбиз. Эми бизге бир бөлмөлүү батир берилди"
Бүгүн, 28-майда өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда КРнын аскер кызматчылары үчүн курулган турак үйдүн ачкычы күч органдарында кызмат өтөгөндөргө берилип жатат. Жаңы батирдин ээси болгондор кубанычы менен тең бөлүшүп жаткан кез. Алардын катарындагы полковник Кемиль Шералиев: "Үй-бүлөбүз менен президентке ыраазычылык билдиребиз. Чүчү кулак аркылуу бизге биринчи кабаттан бир бөлмөлүү батир берилди. Эми эмерек сатып алалы деп турабыз. 3 балам, 2 неберем бар. Аскер кызматкери катары 30 жылдан бери иштеп келе жатам",- деди.